www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүрөт - Сооронбай Жээнбековдун кичи мекениндеги үйү

Бүгүн президенттик кызматын расмий түрдө тапшырган Сооронбай Жээнбековдун кичи мекениндеги үйүнүн сүрөтү социалдык тармактарга тарады.

Ал сүрөттөрдү тарыхчы Кыяс Молдокасымов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн. Ошондой эле тарыхчы бул сүрөттү мындан 50 күн мурда Кара-Кулжа районуна барганда тартып алганын жазган.

Ал: «Бул үй — бүгүн эле кызматтан кеткенин билдирген Сооронбай Шариповичтин Кара-Кулжадагы үйү. Туура үч жылдан бери бул үйүнө барып кеңири уктай да элек болчу. Ага протокол деген балекет жол берчү да эмес. Эми өз кызматынан элинин амандыгын, мамлекеттин бүтүндүгүн, тынчтыкты өйдө койгон ээсин бул үй чыдамсыздык менен күтүп жаткан учур. Өз өлкөсүнөн өңгө жака качып баш калкалап калбаганына, түбөлүк зарыга күттүрбөгөнү үчүн жансыз үйгө жан бүтүп сүйүнүп жаткандыр…» — деген пикир калтырган.

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков бүгүн парламент жыйынында кызматын расмий түрдө тапшырып берди. Ал мындан кийин эмне иш менен алек болору азырынча белгисиз.

   

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости