www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан талапкер Жо Байден эки башка жерде бир убакта шайлоочулары менен жолукту. Алардын жолугушуусу телеканалдардан түз көрсөтүлдү. Байден Филадельфиядагы жолугушуусу ABC каналынан көрсөтүлсө, ошол эле учурда Трамптын Майамидеги тарапкерлери алдындагы сөзүн NBC каналы чагылдырды.

Бул жолугушуу бейшембиге пландалган талапкерлердин теледебатынын ордуна уюштурулду. Бирок жакында коронавирустан айыккан Дональд Трамп дебатка катышуудан баш тарткан болчу.

Майамиде ачык асман алдындагы жолугушууда Трампка саламаттыгына, салыктык төлөмдөр, саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу жаатындагы реформалар, Жогорку соттун судьясын дайындоо боюнча суроолор берилди.

Дональд Трамп 3-ноябрдагы шайлоодо жеңилип кала турган болсо бийликти тынчтык жол менен өткөрүп берүүнү убада кылып, бирок кайра шайланарына ишене турганын билдирди.

Демократиялык партиядан талапкер Жо Байдендин жолугушуусу болсо Филадельфиядагы Улуттук Конституциялык борбордо өттү. Ал Трамптын пандемияга каршы күрөш боюнча чечимдерин сындады.

Байден эгер Дональд Трамп Жогорку соттун судьялыгына сунуштаган Кони Баррет шайлоого чейин бекитиле турган болсо, президенттикке келгенден кийин Жогорку соттун курамындагы идеологиялык тең салмактуулукту сакташ үчүн чечимдерди кабыл аларын билдирди. Ал учурдагы президентти АКШнын тышкы саясатындагы каталар үчүн сынга алды.

Эми талапкерлердин финалдык дебаты 22-октябрга белгиленген. Ал Теннисси штатынын Нэшвилл шаарында өтүшү керек.

"Reuters / Ipsos" агенттиктери жүргүзгөн социалдык сурамжылоолор боюнча Байден таймашта алдыда бара жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости