www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Сузакта дайынсыз жоголгон 28 жаштагы киши изделүүдө

Сузак районунун Арал айылынын 28 жаштагы Сардорбек Арибжанов аттуу тургуну дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад милициясы билдирди.

Маалыматка караганда, Арибжанов 2021-жылдын 8-декабрында саат 15:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Анын жүргөн жери аныкталбай жаткандыгына байланыштуу Сардорбектин туугандары менен милиция коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: бою 165-170 сантиметр, ак жүздүү, кашы, көзү, чачы кара, орто дене түзүлүштө, сакалы бар. Үстүнө көк түстөгү жинсы куртка, кара түстөгү жинсы шым, кара түстөгү кроссовки кийип жүргөн.

Бул жаранды көргөн-билгендер болсо 102, (03748) 5 02 09, 0778 15 15 91, 0550 31 31 22 номерлерине кабарлай алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости