www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизаттарды Кыргызстанга ташыган каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМ билдирет.

Маалыматка караганда, Баткен — Исфана жолунан Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Машинанын ичин тинтүү учурунда Ооганстанда өндүрүлгөн эки килограмм нашаа табылган.

Тартип сакчылары автоунаанын К.Э. аттуу айдоочусунун Лейлек районунун Арка-2 айылындагы үйүн дагы тинткен. Натыйжада үйдүн короосунда үйүлүп турган кумдун арасынан беш килограмм нашаа табылган.

Шектүү Ош шаарындагы №5 тергөө абагына киргизилди. Учурда анын шериктерин аныктоо боюнча атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости