www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Москва менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде 2 автоунаанын катышуусунда жол кырсык болду. Капталынан кулаган автоунаадан жөө жүргүнчүлөрдүн жолунан өтүп бара жаткан 3 жигит качып кетүүгө үлгүрдү. Алар жаракат алган жок.

Видеосу тарап жаткан кырсык 2021-жылдын 23-декабрында кечке маал болгон. Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы 12-январда билдирген маалымат боюнча, «Тойота Эстима» автоунаасын 1991-жылы туулган Ж.Э., «Мерседес» автоунаасын 1993-жылы туулган О.У. башкарып жүргөн.

Окуядан кийин «Мерседес» унаасынын айдоочусу ооруканага жеткирилип, автоунаалар айып короого токтотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости