www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 20-ноябрда октябрь окуяларында жабыркаган жарандар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу менен болгон жолугушууга ар кандай даражада жаракат алган жаштар Рыскелди Табышбек уулу, Талант Бейшеев, Уларбек Нурлан уулу катышты.

Талант Мамытов бийликтин адилетсиз саясатынын аркасында өлкөдө үчүнчү элдик толкундоолор жаралып, ага жарандардын парламенттик шайлоонун жыйынтыгына макул эместиги негизги себеп болгонун өкүнүү менен белгиледи.

Президенттин милдетин аткаруучу жарандардын ден соолугу менен өмүрү кайсы гана бийликтен болбосун кымбат турарын баса белгилеп, мындай окуялар мындан ары өлкөдө кайталанбай тургандыгына үмүт артарын билдирди.

Азыркы тапта жарандар өзгөрүүлөрдү күтүп жаткандыгын, ага байланыштуу конституциялык реформа башталганын белгиледи.

"Баш мыйзамга байланыштуу маселелерге максималдуу түрдө тыкыр мамиле кылуу зарыл. Андыктан коомчулуктун ар кыл чөйрөсүнүн өкүлдөрү кирген кеңири курамдагы Конституциялык кеңешме түзүлдү", - деп айтты Талант Мамытов.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу жолугушуунун катышуучуларына материалдык жардам көрсөтүп, аларга бекем ден соолук, бакубат турмуш каалады. Ар дайым алар менен жолугушууга ачык экенин белгиледи.

Өз кезегинде октябрь окуяларында жабыркагандар Талант Мамытовдун мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, өлкөнүн мындан аркы өнүгүшүнө байланыштуу пикирлери менен бөлүштү. Ошондой эле жеке мүнөздөгү маселелерин да билдиришти.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости