www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 14-январда президенттин милдетин аткаруучу, төрага Талант Мамытов Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүн аяктап жатканына байланыштуу Сауд Арабиянын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман Аль-Жуманы кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага Сауд Арабиянын Кыргызстандагы алгачкы элчиси катары эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошуп, мамилелерди жаңы деңгээлге көтөргөнү үчүн Абдурахман Аль-Жумага ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, Талант Мамытов Кыргызстандагы ички саясий абал жана президенттик шайлоо менен башкаруу формасын тандоо багытында өткөрүлгөн референдум тууралуу учкай маалымат берди. Муну менен катар Кыргызстан бардык эл аралык милдеттемелерди бекем карманып, Сауд Арабия менен буга чейин кол коюлган эки тараптуу жана көп багыттуу келишим менен макулдашууларды толук аткарарын билдирди.

Андан сырткары, парламенттер аралык кызматташтык маселесине токтолгон төрага, Жогорку Кеңеш акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жаткан бул жааттагы алакаларды мындан ары да арттырууга кызыкдар экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Абдурахман Аль-Жума Сауд Аравия Кыргызстан менен достук мамилелерди жана өз ара кызматташтыкты тереңдетүүнү көздөп жатканын белгилеп, парламенттер аралык байланыштарга да жогору баасын берди.

Баарлашуунун соңунда төрага парламенттер аралык байланыштар дагы кеңейтилип, эки элдин достук алакасы өнүгө берерине үмүт арта турганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости