www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусундагы Ч.Мамбетов атындагы биргелешкен оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө «Альянс Алтын» компаниясынын акционерлери тарабынан өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат тапшырылды. Бул тууралуу аталган компаниянын жетекчиси Шайлообек Таиров билдирди.


«Биздин «Альянс Алтын» компаниясынын акционерлеринин чечими менен коронавирустун алдын алууга Талас облусуна 16 млн сом бөлүнгөн. Ал акчага бүгүнкү күнгө чейин медициналык каражаттар, дары-дармектер, аппараттар алынып келүүдө. Бүгүн өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат келди. Бул аппарат бейтапты жасалма дем алдыруу үчүн колдонулат», - деди ал.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев компания буга чейин бир катар жардамдарды бергенин айтты.

«Буга чейин «Альянс Алтын» компаниясы тарабынан медициналык 15 аппарат келген. Бүгүн эң маанилүү, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратты алып келип беришти. Буга чейин ооруканада мындай аппараттан бирөө гана болчу. Бул вирустан Кудай сактасын. Таласта каттала элек. Бирок биз бардык жагдайга даяр болушубуз керек. Ал үчүн бардык медициналык жабдыктарды даярдоого басым жасап жатабыз», - деп Марат Мураталиев айтты.

Талас облусунун Ч.Мамбетов атындагы биргелешкен ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башкы дарыгери Айнура Керимкулованын айтымында, буга чейинки бир топ аппараттардын эскилиги жете баштаган.

«Оор акыбалдагы бейтап келген учурда бул аппаратты колдонобуз. Аба жетишпей, адам өзү дем алууга күчү жетпей калганда бул эң маанилүү аппарат болуп эсептелет. Бул бизге чоң жардам. Биздеги болгон аппараттардын иштей турган мөөнөтү өтүп калган. Жаңы муундагы аппаратка муктаж элек. Дарыгерлерге коронавирус илдети менен күрөшүүгө атайын формаларды да алып келишти. «Альянс-Алтын» компаниясына ыраазычылык билдиребиз», - деди Айнура Керимкулова.

Дарыгерлер бул аппараттын баасы 25 миң доллардын тегереги экенин кошумчалашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости