www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун милициясы Көк-Ой айылында туулган 40 жаштагы Калыбек Мырзакуловду издөөдө. Бул тууралуу аймактын ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
"Бул адам ири суммада алдамчылыкка шектелүүдө. Ал курулуш фирмасына жумушка орноштурам деп адамдардан акча алган. Жыйынтыгында андан 200 адам жапа чеккен", — деп айтылат билдирмеде.

Изделип жаткан кишинин өзгөчө белгилери катары оң колунда бычак жана жолборс түрүндө татуировка, бетинин оң жагында 3-4 сантиметр калы бар.

Милиция бул адам өзүн ар кандай ысым менен көбүнчө Калнур деп тааныштырарын эскертти.

Шектүүнүн кайда экенин көрүп-билгендер болсо (0559) 11-90-66, (0500) 56-76-76 телефондоруна чалыңыздар.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости