www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сөздөрдөн куралган бу дүйнө, сөздөргө кармалып турабыз
Тазагүл Закирова
Түшүнгөн жанга поэзия сыйкыр дүйнө! Ар бир адамдын жүрөгүнүн жалгыз гана поэзия менен ачыла турган капкагы болот деген ойчулдун сөзү бул каарманыма туура келип тургандай. Адатта калемгерлерди сөз баккандар, сөз кадырын билгендер дейбиз. Ошол сөз кадырына жеткендер, менин баамымда, биздин бир топ акын-жазуучулар жаштарга үлгү, устат болуп келет. Жакында эле Алымкул аталык менен Ташбек датка, мамлекеттик ишмер, тарыхый эл уулдарынын быйыл 190 жылдыгына карата чыккан “Кош Мунар: Алымкул аталык, Ташбек датка” тууралуу тарыхый баян жазып, китеби жарык көрдү.
- Чөйрөгө жарык бериш үчүн өзүң от болуп күйүп турушуң керек дейт. Кайсы залкар менен туз насип этти...
- 76-85-жылдары башка тармактар сыяктуу эле, адабият дагы укмуштуудай дүркүрөп турган маалы эле. Эмгекчил элдин: пахтачылар, малчылар арасында, завод-фабрика, окуу жайларда адабиятты жайылтуу үчүн атайын Ош обком партиясынын түзгөн үгүт-насаат бригадалары бүтүн түштүк региону боюнча элдин арасынан чыккан улуу адамдардын тобун жиберчү.
Партиялык, советтик биринчи кызматкерлер: биринчи генерал-майор Эргеш Алиев, облисполком Асранкул Бөрүбаев, Бозулан Примов, Насыр Примбердиев сыяктуу ветерандар менен жолугушууларга катышчумун. Алар өз кызындай мага биринчи ыр окутушчу. Мен жолдо баратып, ошол барчу эмгекчилерге ыр жазып алчумун ...
Улуу акыныбыз Жолон Мамытов Бишкектен мага чалып, Алтайдан Паслей Самык деген белгилүү акынды Ошко жиберерин айтты. Мен ал кишини тосуп алдым, кыргыздардын жашоосуна, тарыхына, маданиятына кызыгып, таанышып кетти.
Акындар Сүйүнбай Эралиев, Орозбай Көчкөнов, Жолон Мамытовдун, менин ырларымды алтай тилине которуп, жыйнакты басмадан чыгарыптыр. Обкомдун катчылары Султан Ибраимов, Мырза Капаров, жазуучулар Төлөгөн Касымбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков, Шабданбай Абдыраманов, акындар Аалы Токомбаев, Темиркул Үмөталиев, Түмөнбай Байзаков, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, белгилүү коомдук ишмер Бекмамат Осмонов өңдүү кыргыздын каймактарынын акыл-насаатын угуп, таалим-тарбия алдым. (тизме узун) Мына ушул кыргыз тарыхында эбегейсиз из калтырган улуу инсандардын арасында чоңойдум... Алардан үлгү алдым.
- Жазуучулар каармандарын жашоодон алат. Ал эми акындар өз турмушунан деп бир япон акындын айтканы бар. Сиздин чыгармачылыкта кандай болду? Дегеним тарыхы 40 жылдан ашуун "Кусалык" аттуу ырыңызды жеке жашооңуздан алынган дегендер да жок эмес...
- Мен бул ойго кошулбайм. Себеби "Кусалык" ырын жазганымда 26-27 жашта элем. Анан кантип "чачта буурул токтолгонбуз биз азыр, макул болуп тагдыр деген ушуга" деп жазайын. Жогоруда сөз болгон жолугушууларда (жылына 70тен ашуун жолугушуулар болчу) ар кыл тагдырлар менен пикир алышып алар менен сырдаш болдум. Ырларымда ар түркүн тагдырдын сүртүмдөрү бар. Дагы кызыгы, кечээ эле КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамын алган Маматибраим Бостонкулов обонун чыгарса (1982-жылы), ырчы Айнагүл Сарыкова элге жеткирген. Тексти мага таандык экенин билбеген айрымдары Айнагүл Сарыковага "апакай жакшынакай экенсиң, сени таштап кеттиби" дешчү экен. Ошондон улам ырды этияттап чыгарыш керек экен деген ойлор болбой койгон жок. Балким, ырдын магиясы мына ушундадыр. Элдин жүрөгүнүн түпкүрүнөн күтүлбөстөн сүңгүп кирген ырлар түбөлүк жашайбы же... Элдик ыр болуп улуулар да жаштар да кайсы мамлекетте болбосун ырдашат, ырчылардын далайы концерттеринде дайыма аткарат…
- Толкуну жок деңиз, тамыры жок дарак, нотасы жок ыр, тарыхы жок эл болбогон өңдүү патриоттук духту ойготкон ыр саптары да жок эмес. "Акынга мекен керек" ырыңыздын жаралуу тарыхы кандай болду эле?
- Бул ырдын тарыхы да өзүнчө кызык. Быйыл аты жаман тумоо дүйнө жүзүн каптап кетпедиби. Мекениме түйшөлүп, элимдин эртеңи кандай болор экен деп ой-санаадан жаралган ыр. Канча биздин атуулдар мекенине кире албай турушту… Эстонияда жүргөнүмдө дагы согуш темасында түркүн ырларды жаздым. «Балтика жээгинде» деген цикл. Москвада жашаганымда «Москва кайрыктары» жаралды. Кайсы мамлекетте болбоюн мекенимди эстеп, мекенимди сагынып ырлар жаздым. Москва кайрыктарынан обончу, КРнын маданиятына эмгек синирген ишмер, менин колумда тарбияланган десем болот, (студент кезинен чогуу иштешти) Болот Токтобаев «Сагынаарым» деген ырга обон жазып 1988-жылдан бери ырдалып келатат. Негизи акынга мекен керек. Мекенсиз акын болбойт. Үзүрүн көрөсүң. Эң негизгиси Кудай алдында жашооң, эмгегиң адал, абийириң бийик болсун!
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg