www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда такси кызматы менен алектенгендер эми Ички иштер министрлигинен лицензия алышы керек болот. Мындай чечим президент Садыр Жапаровдун "Кыргызстанда жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгында белгиленген.
Документ жол кырсыктарын жана адам өлүмүн азайтуу чараларын көрүү максатында чыгарылганы айтылат. Жарлыкка ылайык, автоунааларды каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү берүү функциялары жана башка ыйгарым укуктар Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул функцияларды учурда мурдагы Мамлекеттик каттоо кызматын курамына алган Санариптик өнүктүрүү министрлиги аткарат.
Таксисттерге лицензия кандай берилери азырынча белгисиз. Жарлыкта министрлер кабинетине мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, парламенттин кароосуна жөнөтүү тапшырмасы берилген.
Булак: NazarNews.kg