www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Патрулдук милиция кызматкерлери Фатьянов көчөсүндө жайгашкан кафенин жанынан ок чыгарган адамды кармады.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, ок атуу тууралуу чакыруу 6-декабрда саат 00:40та түшкөн.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери жаран белгисиз курал менен ок чыгарууга аракет кылып жатканын көрүшкөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан 1984-жылы туулган Ш.А. кармалды. «Лексус-570» үлгүсүндөгү унааны тинтүү учурунда 38 огу менен ок атуучу курал жана 21 огу менен газ травматикалык тапанча табылган.

Кармалган адам жана курал кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Биринчи май РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости