www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Театр-жашоо күзгүсү
- «Устаттан шакирт ɵтɵт» деген накыл кеп бар. Устатыӊыз тууралуу айта кетсеӊиз…
- Бишкекке келип, КРнын эл артисти Талгар Жакшылыков менин устатым гана болбостон, Опера жана балет театрына ишке орноштурду. Ал мыкты режиссёр болгондуктан, опералардан кичине ролдордон бере баштады. Опера жана балет театрында биринчи аткарган ролум В. Гаджибековдун «Көр оглу» операсынан Эхсан пашанын ролу болду. Карыянын образын гриммдеп койгону менен аны аткарып жатканымды унутуп калып жаш балдардай басып баратсам, режиссёр токтотуп алып көп нерсеге үйрөттү.
- Бирɵɵгɵ болгон ыраазылыкты билдирбɵɵ белекти ороп аны бебей койгон менен барабар. Сизди ушул даражага жеткирген инсандар тууралуу билсек…
- Аябай жакшы суроо болду. Биринчиден Жаратканга шүгүрчүлүк келтирип, андан соӊ мени бапестеп чоӊойткон ата-энеме ыраазычылык билдирем! Брилиант дагы дароо брилиант болуп табылбастыр. Кɵптɵгɵн колу тийген зергерлердин эмгеги менен чыныгы брилиантка айланары анык. Анынсыӊарындай, мени дагы ушул даражага жеткирген кɵп жакшы инсандардын салымы зор. Биринчи мугалимим, ɵзүмдүн атам Дүйшɵ колума комуз карматтып музыка дүйнɵсүнɵ жол ачып берген. Андан соӊ гитарадан сабак берген Артыков Абдулла агайым болду. Б. Алыкулов атындагы Жалал-Абад шаарындагы маданият техникумдун жалпы мугалимдер жамааты, Кыргыз улуттук консерваториянын түштүк филиалындагы окутуучулары, ɵзгɵчɵ менин эжейим Алишерова Зинаида. КРнын эл артисти Талгар Жакшылыков жана концертмейстрлер: Ибраимова Жыпара, Юлия Бабичтер. А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында эмгектенген таланттар менин эмгек жолума колдоо кɵрсɵткɵн инсандарды кантип кɵмүскɵдɵ калтырамын. Дос-душмандарымын баарына ыраазымын. Себеби, досторум мага ɵйдɵдɵ ɵбɵк, ылдыйда жɵлɵк болсо, душмандарым шыгыма –шык, талантыма дарамет болуп, тескерисинче ɵрнɵктүү ɵмүр жолумду такшалтып, ɵз салымдарын кошуп келе жатат.
- Айрыкча, опера жаатында ченемдүүлүктүн ролу чоӊ эмеспи…
- Албетте. Булбул үнү менен булбул аталышы бир чындык. Туура, башка ырчыларга караганда биз, опера ырчылары үндү бир калыпта кармап калуу үчүн дайыма кɵнүгүү жасап турушубуз зарыл. Ошол изденүүнүн арты менен ченемдүүлүккɵ басым жасайбыз. Υнүбүздү жакшы режимде сакташ үчүн уйку негизги ролдо. Спирт ичимдиктерден алыс болуу, балмуздак, жаӊгак жана башка зыян тамак-аштардан оолак туруу керек.
- Жан-дүйнɵнүн боштугун кантип толтурасыз?
- Татаал суроо экен. Жакшы музыка менен боштукту толтурамын. Туулуп ɵскɵн Кɵк-Жаӊгагыма барып балачагыма бир кɵз чаптырып, ата-энемдин жанында болуп, алар менен чер жазыша сүйлɵшүүнүн ɵзү жан-дүйнɵнүн боштугуна шарт түзүп бербесе керек.
- Ийгиликтин ачкычы-бул Жараткандын табериги. Сенин ийгилигиӊдин сыры эмнеде?
- Сүйгөн кесибим менен алектенүү менен күйөрмандардын жан-дүйнөсүнө рахат тартуулоо мага эргүү жаратат. Ийгилик сыры көөдөнүӊдөгү оргуп-ташып жаткан эргүүӊ менен кошо сыртка чыгат окшобойбу. Бир жакшы чыгарманы жаратаарда да адам өзүнө батпай, ички туюм уйгу-туйгу болгон учурлар кездешет. Талант ошол чыгарма аркылуу элин руханий азыктандырат. Ийгилик ар бир инсанга жөнеле келе бербейт. Түмөн түйшүктүү эмгектин арты менен ийгиликти багындыра аласыӊ. Ошондуктан 99% эмгек 1% талант деп кыргызда бекер айтылбаган. Талант ар бир адамда болооруна ишенем, бирок булактын көзүн тапкан сыӊары ал жылчыкты издеш керек.
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg