www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясынын шалаакылыгынан улам кетирилген кемчилик жалпы шайлоо процессине көө жаап, элдин ишенимин кетирип, коом ичине бүлүк салууда. Сервер өчүп-күйгөндөн кийинки күмөн саноолорго БШК канчалык деңгээлде актанса дагы жуулбай, нааразылык күн санап көбөйүүдө. Мунун арты жакшы бүтпөй калышы ыктымал экенин баарын жон териси менен сезип жатат. Мындан улам учурда кайра шайлоо өткөрүү ылайыктуу деген пикирлер арбыды.
--Сервердин өчүшү боюнча БШКнын жообуна канааттандыңызбы? Же кайра шайлоо өтүшү керекпи?
--Бүгүнкү күнгө чейин көпчүлүк эл түшүнбөй жаткан кези, ошонуну ичинен мен дагы. Мындай чоң компанияга аябай даярдык көрүш керек эле да, өчпөгөндөй кылып. Сервер андан мурун же кийин өчпөй, болгондода ошол убакта өчүшү кандайдыр бир мандемди пайда кылат. Муну БШК мүчөлөрүнүн бири дагы жалпы Кыргызстан элин ынандырган жооп бере алган жок деп эсептейм.
Анткени, жер-жерлерде блютендерди эсептеген учурда дагы ката кетип жатпайбы. Эгер андай ката кетире турган болсо, анда эмне кереги бар? Бүгүнкү заманбап техниканын эмне кереги бар. Ошон үчүн мен ойлойм мындан дагы техниканы карабаса бул жерде туура эмес болуп калды го.
Эл бул техника ишенбей калды. Анткени мындай техниканы эл жасайт. Анан кандайдыр бир маселени оң жагына, сол жагына чече тургандай кылып деле койгон техникаларды жасап коюшу мүмкүнда. Кече жакында Токтайым Үмөталиева Цехтин подвалына барып, Серверлер турган жерби, ошол жерде Южный Кореядан келген адамдан сураса, Цехтин кызматкери айтып жатпайбы “биз алар менен кызматташабыз” деп. шайлоо учурунда кызматташкан болбойт да. Мыйзамда андай нерсе жок да. Сервер жакка эч бир адам кирбей тургандай болушу керек эле.
Эгерде Токтайым Үмөталиеванын айтканы туура болсо. Башка тааныш эмес адамдар жүрбөйбү. Мен ушул жерлерди жакшы түшүнө албайт турам. Негизи эле БШКнын Сервер турган жерби? Токтайым Үмөталиева кантип кирип барды анда? Ким жооп берди? Эмне себептен? Көп чоң суроолорду жаратып койду кайрачы.
Ошол себептен элдин суранычы боюнча, албетте бюджетти дагы карашыбыз керек. Бирок, ошентсе дагы кынтыксыз өткөрүү, келечекте тынчтык жакшы болмок дегеним да. Болбосо, азыр ар кайсы жерде ушундай сөздөр уланып, ар бир аылдар да күнөм санаган элдер көбөйүп жатат да. Ошол себептен партия түзүп, биз тааныбайбыз деп жатканы дагы бул чоң маселени жаратып койду.
Ошондой күмөн болбошу үчүн, башка жактан Грант алып деле кайра өткөрүп койсо, мына кетирилген каталарды БШКсы моюнга алыш керек да. Ушуну эске алып президенттен суранып, кайра өткөрөлү деп. блютенди бир жума эсептейт деген кандай түшүнүш керек. болгону өзү Кыргызстандын тарыхында эң биринчи эң аз шайлоо чыгарышты. 30%тин тегерегинде. Мындай Кыргызстандын тархында болгон эмес да. Бул бир. Экинчи, ар бир шайлоо участогунда эң эле көп деген жерлерде 2 жарым миңге чейин барат.
Ошондо 30%те канча болот? 800 жүздүн тегерегинде болот. 800 блютенди бир жума санайбы бир участокто? Ушул маселе туруп жатат да. Эмне үчүн бир жума санайт, кантип? Аны 1-класстын баласы деле алып 3-4 саатта санап баарын орду-ордуна коюп, айтып берет. Бул дагы менин күмөн санатып турат. Көпчүлүк участоктордо 5 күн эсептешти. Буга жалпы Кыргызстандын эли күбө болуп отурбабы. Мындай болбош керек эле да. Шайлоо бүттүбү?
Автомат изилдеп чыктыбы анын артынан эле наблюдателдердин көзүнчө эсептеп, таңга чейин болобу 3-4 сааттын ичинде эле эсептеп коюшат негизи. Мейли, миң болсун аны таң атканга чейин эсептейт. Негизи, 4-5 сааттын ичинде баарын жазып, Протоколун даг жазып, ар бир наблюдателдин колуна карматып койсо эч кимде, эч кандай кынтык болмок эмес, сөз дагы болмок эмес, кол чабып, жакшы өттү деп сүйүнмөкпүз. Мен ошондойду күткөм. Бирок, андай нерсени Борбордук шайлоо комиссиясы өткөрө албады.
Булак: Жаңы Ордо гезити