www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик жана санэпид көзөмөл борборунун өкүлдөрү менен биргеликте COVID-19 илдетинин алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө.

Алар Казарман жана Атай айылдарындагы соода түйүндөрдү кыдырышып, санитардык нормалардын сакталышы көзөмөлгө алынды. Тиешелүү талаптарды аткарбагандарга эскертүүлөр берилип, кетирилген кемчиликтерди жоюу тапшырмалары коюлду. Милиция кызматкерлери ар бир сатуучуну жеке гигиналык эрежелерди сактап, жоопкерчиликтүү болууга чакырышты. Азыркы кырдаалды туура түшүнүү менен кабыл алуу керектиги, жугуштуу илдет менен жабыркагандардын саны азайбай жаткандыгы айтылды.

Ошондой эле милициянын көчмө кабылдамасына орнотулган үн чыгаруучу каражаттар аркылуу район аймагындагы айылдарга маалыматтар жеткирилүүдө. Бул унаа менен коронавирустан сактануу жолдору, алдын алуу жана жайылуусуна бөгөт коюу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости