www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда баңгизатты 50 миң сомго сатып жаткан жаран жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды ташуу менен алектенген жарандарды аныктоо жана алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча атайын операция жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн атайын ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында Токтогул районунан 295 грамм каннабистик топтогу баңгизатты болжол менен 50 миң сомго сатып жаткан учурда 32 жаштагы А.Т. аттуу жаран кармалган.

Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусунун негизинде алынган каражат “гашиш” баңгизаты деп аныкталды. Жазык кодексинин 268-275-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 295 грамм гашиш болжол менен 1180 дозаны түзүп, кармалган баңгизаттардын партиясы көмүскө базарына кирип кетсе, республика аймагындагы миңдеген жаштар баңгизаттарга көз каранды болуп калмак. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости