www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын эки инспектору төрөт үйүнө жетпей калган келиндин төрөтүн кабыл алышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 15-январда болжол менен саат 03:00дөр чамасында Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы постто турган кичи инспектор А.Качыгуловго жана милициянын старшинасы Б.Кусеиновго Урмат аттуу киши жардам сурап кайрылган. «Ал төрөт үйүнө жетпей калгандыгын жана жубайынын толгоосу унаада башталгандыгын айткан», - деп билдиришти милициядан.
Инспекторлор аялды унаанын ичинде төрөтүп, андан соң Чүй облустук ооруканасына жеткиришкен.
«Уулдуу болгон бактылуу ата-эне инспекторлорго ыраазычылык билдиришти. Ооруканадан чыккан эне-баланы инспекторлор куттуктап кайрылышты», - деп айтылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg