www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жаңы шайланган президент Садыр Жапаров, Курманкул Зулушев, Камчыбек Ташиев да саясий куугунтук көргөн адамдар, алар мыйзамсыз иштерге жол беришпейт", - деди бүгүн, 18-январда NazarNews.kg маалымат агенттигине Төлөгөн Келдибаев.
-Шайлоо мезгилинде Садыр Жапаровду ченебей каралап, ашыкча сындаган талапкерлерге кылмыш иши козголушу керекпи же маани берилбей эле койгону жакшыбы?
-Негизи президенттикке талапкерлер эл менен жолугуу учурунда айткан сөздөрү үчүн жоопкерчиликке тартылбашы керек. Анткени, ар бир жаран өз оюн эркин билдиргенге укугу бар. Шайлоо мезгилинде ар кимиси билим деңгээлине, ой жүгүртүүсүнө, иш тажрыйбасына жараша ойлорун, пикирлерин билдиришти. Ал эми ал талапкерлердин мурдагы мыйзамсыз иштери болгон болсо, баардыгы мыйзам чегинде гана укуктук баа берилиш керек. Азыркы учурда саясий буйрутма менен жоопко тартуу өнөктүгү ишке ашпайт. Андай убактан өттүк. Эми мыйзамдуу жол менен кеткенге кадам ташташыбыз керек.
-Чектен чыгып каралоого жол бергендердин аракеттери эске алынбашы керекпи?
-Чектен чыгып каралоо туура эмес. Негизи адамдын ар намысын, кадыр -баркына шек келтирүү курулай жалган жалаа жабуу аныкталса, укугу бузулган жаран сот тарабынан материалдык жана моралдык укугун боюнча доо койгонго укугу бар. Сот материалдык жана моралдык чыгымды аныктап, чечим чыгарат же доо талап далилденбесе канааттандырбайт.
-Садыр Жапаров өзүн каралаган атаандаштарын жоопко тарттырабы же айкөлдүк кылабы?
-Садыр Жапаров өзүн каралаган атаандаш талапкерлерди жоопко тарткыла деп буйрук бербейт. Ага бир канча себеп бар. Биринчиси, өлкөдөгү саясий, экономикалык кырдаал толук стабилдүү эмес. Эгер кылмыш ишин козготсо, коомчулукта нааразычылык чыгып кетиши мүмкүн.
Экинчиси, жаңы шайланган президент Садыр Жапаров, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев да саясий куугунтук көргөн адамдар. Алар мындай мыйзамсыз иштерге жол беришпейт деп ойлойм.
Үчүнчүсү, өлкөнүн стабилдүүлүгү бийликтен да кымбат. Мына ушул жагын эске алышат деген ойдомун.
-Рахмат.
Булак: NazarNews.kg