www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ-Тоң районунда “Келгин куштар” фестивалы өткөрүлдү

5-декабрда Ысык-Көл облсунун Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылында “Келгин куштар” фестивалы болуп өттү.

Аталган фестиваль “Ак Булуң” чакан жамааттык коругу жана Улахол айыл өкмөтү тарабынан уюштурулуп, “Дүйнөлүк экологиялык фонду”, “БУУнун өнүктүрүү программасы” жана “Кумтөр Голд Компани” тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлгөн. Ал эми бул долбоорго “Илбирс” коомдук фонду, “Тоолуу өрөөн” коомдук бирикмеси, “Эл-Тоо” уюму жана “Бөкөнбаев-Манжылы” айылынын аймактык коомдук өз алдынча башкаруу” коомдук бирикмеси өнөктөштүк кылган.

Фестивалдын максаты – коруктагы жаныбарларды, канаттууларды, келгин куштарды коргоп, биоартүрдүүлүктөрдү сактоо менен биргеликте туруктуу экотуризм жана куш кароо туризмин өнүктүрүү болуп саналат.

Алгач, фестивалда “Ак Булуң” чакан жамааттык коругунун жетекчиси Эрмек Шабыкеев сөз сүйлөп, төмөндөгүлөргө токтолду:

“Ак-Булуң ЭКО” жамааты тарабынан түзүлгөн “Ак-Булуң” кичи коругу “Дүйнөлүк экологиялык фонду”, “БУУнун өнүктүрүү программасы” жана “Кумтөр Голд Компани” тарабынан каржыланып долбоордун алкагында ишке ашырылууда.
“Ак-Булуң” кичи коругунун жалпы аянты 380 га. Ар түрдүү канаттулар мекендешип, кызыл китепке кирген келгин куштар кыштап кетишет. Быйыл 200 гө жакын ак куу келди”.

Андан сырткары Эрмек Шабыкеев “Келгин куштар” фестивалына каржылык колдоо көрсөткөндөргө, өнөктөштөргө, Улахол АОнун жетекчиси, айылдык кеңештин төрагасына жана айылдык кеңештин депутаттарына сөз берип, баарына ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, “Ак-Булуң” кичи коругу эң кыска аралыкта ачылган корук болуп эсептелинет.





Булак: NazarNews.kg

Последние новости