www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ-Тоноочулуктун бети ачылды

Кызыл-Кыя шаарында тооночулуктун бети ачылды. Бул туурасында аталган шаардын  ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, 2020-жылдын 7-январь күнү саат 19.00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын  Ударник көчөсүнүн 51 жаштагы тургуну өзүнө таандык болгон ‘’Матиз 2’’ үлгүсүндөгү унаасы менен келип токтотуп, дарбазасын ачып жаткан учурда, белгисиз үч бала медициналык беткап менен келишип,  унаасын арткы терезесин сындырып, кара түстөгү сумкасын жана ичиндеги  ири суммадагы акчасын алып, изин жашырып качып кетишкен.

Бул факт Кызыл-Кыя ШИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кызыл-Кыя ШИИБнин жана ИИМдин ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө тоноочулук кылып изин жашырып кеткен атуулдардын экөөсүнүн өздүгү жана алардын жүргөн жери аныкталып, Бишкек шаарынан кармалган.

Алардын бирөөсү Талас шаарынын 37 жаштагы тургуну мурда он жолу сот жообуна тартылган, ал эми экинчиси Кадамжай районунун 22 жаштагы тургуну 2 жолу сот жообуна тартылган.

Азыркы күндө кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости