www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-январда, калың кардын кесепетинен Бишкек шаарынын жана Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда электр энергиянын авариялык өчүрүлүшү катталды. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.

Бузууларды жокко чыгаруу үстүндө 32 оперативдүү-чыгуу бригадалары иштөөдө, анын ичинен Бишкек шаары боюнча - 8, Чүй облусу - 19 жана Талас облусу боюнча 5 бригада кызмат кылууда.

Керектөөчулөрдү үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоо максатында "Түндүк электр" ААКсынын кызматкерлери күчөтулгөн режиминде иштөөдө.

Электр энергия боюнча суроолор жаралса, анда "Түндүк электр" ААКсынын 1209, 0772/ 702/ 556 001209 номурундагы колл-борборуна, же шилтемеге кирип (http://kyr.se.kg/content/articles_view/682), күнү-түнү иштеген диспетчердик кызматтардын номуруна чалууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости