www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан, Казакстандан келген журналисттер Түркия Туризм Таанытуу жана Өнүктүрүү Агенттиги тарабынан уюштурулган “Коопсуз Туризм” долбоорунун алкагында Изник шаарында орун алган “Кыргыздар күмбөзүн” зыярат кылдык.
Дүйнө тааныган Осман Гази Осман империясынын түптөгөндө андагы Византияда негизинен 3 шаар: Бурса, Акчакоджа жана Изник андагы Никея шаары болгон. Изник шаарынын темир дарбазасын ачууга эч ким даай албай, ошондо кыргыздын эр жүрөк, тайманбас жоокерлери дарбазаны ачып киришет. Канында баатырдык мүнөзү бар кыргыздар от кечкен кандуу согушта эң алдыңкы катарда турганы жөнүндө маалымат булактарында айтылып келет.
Кымындай таштын дагы тарыхы бар
Тарыхка саресеп салсак, Осмон империясы түзүлө элек убакта XI кылымдын аягында Византия империясына каршы сельжуктар менен бирдикте кыргыздардын согуш окуялары туурасында жазылган. VIII кылымда Орто Азия чөлкөмүнөн, азыркы Кыргызстан аймактарынан сельжук уруулары "Улуу кургакчылык" мезгилинде Кичи Азия аймактарына көчүп барып, Византия империясынын Мармар жана Эгей деңиздеринин чыгыш тарабына чектеш жерлерге кошуна болуп туруп калышат. Византия империясында жалаң Европа элдеринен бийлик жана аскер адамдары түптөлүп, ислам динине каршы диндер арасында согуш ачышкан. Согуш бир нече күнгө уланган. Ошол катуу салгылаштын биринде сельжуктардын жоокерлери жеңилүүгө дуушар боло баштайт. Ошондо чыгыш жак капталдан "чапкыла", "ургула", "каапырларды өлтүргүлө" деген үндөр менен ат минген жоокерлер пайда болуп, рыцарларды четинен өлтүрө башташкан. Жогоруда аталган кыргыз тилиндеги ураандар бүгүнкү күндө Стамбул шаарында түрктөрдүн архивдик тарыхында сакталып калыптыр. Рыцарлар менен болгон согушта сельжуктар кыргыздардын жардамы менен Византия империясынын Изник шаар чебин талкалап, биротоло өзүнө каратканы маалымат булактарында бар.
Түрк сельжуктарынын аскерлери "Бул согушта Кудай бизге асмандан жардам бергенге мусулман жоокерлерин жиберди. "Ислам дини туура жолдо, ошон үчүн биз жеңдик"– дешет.
Ошол кыргыздардын армия курамы Византия империясына каршы түрк сельжуктары менен бирге согуштун күйгөн отунда 4 жылдай согушуп, 30 миң кыргыздан мекенине бирөө да тирүү кайткан эмес. Кыргыз армиясынын негизги бөлүгү ушул Изник шаарындагы согушта курман болушкан" деп айтылып келет.
Султан Орхан Гази ушул Изник шаарында курман болгон кыргыз жоокерлеринин урматына 1330-жылдары "Кыргыздар күмбөзү" деп 2 чоң бөлмөдөн турган күмбөз курдурган экен. Учурда бул күмбөз күнү бүгүнкүдөй сакталып, айлана-тегереги темир тор менен курчалган. Кире бергенде эле сол тарапта 2006-жылдын октябрь айында Күмбөздүн жанына скульптор Т.Садыков тарабынан жасалган кыргыз баатырынын эстелиги тургузулганын көрдүк.
Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, кырлар барбы кыргыз изи баспаган демекчи, “Кыргыз күмбөзүн” зыярат кылып, баатырларларыбызга багыштап куран окуп чыктык.
Динара Асылбекова, Түркия
Булак: NazarNews.kg