www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунбай Бакир уулунун велосипедчен жубайын унаа сүзүп, айдоочусу качып кеткенин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды. 

Анын айтымында, окуя Курман айт күнү болгон. 

"2-августта, Курман айттын акыркы күнүндө Тоголок Молдо жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде велосипед тээп бара жаткан жубайымды унаа сүзүп кетиптир. Сүзүп кеткени аз келгенсип, айдоочусу жардам бербей качыптыр!

«Айттын урматына, аман калганым үчүн да, ал айдоочуну кечирдим. Аны издетпеңиз - катуу коркконунан ал өзүң жоготуп, качып кеткендир»,-деп жубайым менин издөө иш-аракеттеримди токтотуп койду.

Жубайыма кыжаалат болгондорго сарсанаа болбогула, үйдө дарыланып жатат. Аман калганына Аллахыма чексиз мактоолорду жана шүгүр келтиремин!", - деп жазган ал. 

Ошондой эле, Бакир уулу качып кеткен айдоочуга кайрылып: "Адамды сүзүп кеткенден кийин адамгерчиликтүүлүгүңдү жана жол эрежелерди билгениңди көрсөтүп, жыгылган адамды тургузуп, ал-акыбалын сурап, медициналык жардам керек болсо бейтапканага жеткирип коюуга акылың да, ыйманың да жетпедиби?! Жубайымдын өтүнүчүнө баш ийип, сени Кудайга тапшырдым", - деп жазган экс-депутат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости