www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда мыйзамдарды бузуп, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгон.

Натыйжада, кендин жалпы аймагы эки эседен ашуун көбөйүп, мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26,3 миң гектар түзүп калган.

Атайын кызмат белгилегендей, бул токтом кабыл алынып жаткан кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу.

Мындан тышкары, УКМК Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштыруу үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган жана элиталык көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган, кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон деп эсептейт.

Белгилей кетсек, Абылгазиев кечээ, 26-январда кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды, тергөө жүрүп жатат.

Ал эми мурдагы өкмөт башчы өзү же анын жактоочулары азырынча бул тууралуу эч кандай комментарий берише элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости