www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хакерлер Facebook социалдык тармагына катталган 533 миллион катталуучунун жеке маалыматтарына ээ болуп, аны телеграммда сатып баштады. Бул тууралуу жеке маалыматтар коопсуздугу боюнча Алон Гала аттуу адис The Verge басылмасына берген маегинде билдирген.

Маалыматка караганда интернет каракчыларынын колунда 19 мамлекеттин жарандарынын жеке маалыматтары уурдалган.

"Телеграммдагы боттор колдонуучу тууралуу маалыматты 20 долларга сатып жатканы айтылды. Ал эми 10 адамдын жеке маалыматын 5 миң долларга сатып алса болот. Булардын арасынан көбүнчө Фейсбук тармагына катталуу үчүн керек болгон уюлдук телефондун номурлар сатылууда" , - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары Алон Гала 2021-жылдын январь айынын ортосунан баштап телеграмм мессенжериндеги боттун активдүүлүгү жогорулаганын белгилегени маалымдалат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости