www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-июлунда УКМКнын кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузууларга жол бербөө, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларынын алкагында Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары “Т.К.Р.” 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары КР жаранынан оң чечим чыгарып, ишкердүүлүк ачууга уруксат кагаздарын берүү үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталган.

Тиешелүү далилдердин негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (“Пара талап кылуу”) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, "Т.К.Р." Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, Талас облусунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда ушул кылмыштын жасалышына тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости