www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек ара аркылуу мыйзамсыз күйүүчү жана майлоочу май ташылган каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 24-мартта Жазык кодексинин 39-358-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракеттенүү) 1-бөлүгү менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, УКМК тарабынан тергелип жаткан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Лейлек районунда күйүүчү жана майлоочу материалды (болжол менен дизель) чек арадан мыйзамсыз алып өтүп бара жаткан эки унаа кармалды. Аларга жасалма номур тагылганы жана алар коңшу республикага бара жатышканы белгилүү болду.

Такталгандай, күйүүчү-майлоочу майды ташууга унаалардын кузовдору атайын жасалган. Жүктүн көлөмү болжол менен 8 тоннаны түзгөн.

Учурда бул ишке катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости