www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кызды кырк үйдөн тыюу» деген кыргызда кеп бар, андан да ашып түштү. Жакындан баштап Афганистандын Билим берүү министрлиги 12 жаштан улуу кыздардын коомдук жайда ырдаганына тыюу салынганы билдирди. Буга чейин баш калаа Кабулда Билим берүү министрлигинин өкүлү билдирүү жасап, мындан ары кыздар коомдук жайда ырдабайт деп жарыялаган. Бул кадам коомдук медиада кескин сынга алынды.
Албетте, муну өлкөдөгү “талибандаштыруу” деп бааласак болот. Адистер болсо Афган өкмөтүнүн бул кадамын “Талибан” кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө байланыштырууда. Талиптер бийликте отурганда кыздардын билим алуусуна жана коомдук жайларда музыкага тыюу салынган. Эгерде талиптер кайра бийликке келсе, дал ушундай эрежелер күчүнө кириши ыктымал. Кабулдагы билдирүүгө ылайык, 12 жаштан улуу кыздар мектептердеги концерт жана башка коомдук жайларда ырдай албайт. Эркек мугалимдер бийкечтерге музыка боюнча сабак дагы өтпөйт. Билим берүү министрлиги болсо тыюу салынганын четке кагып, мындай билдирүү жасаган өкүлү жоопкерчиликке тартылат деп маалымдады. Ооган өкмөтү “Талибан” кыймылы менен тынчтыкка жетүүгө аракеттенүүдө. Эл аралык коомчулук дагы эки тарапты согушту токтотууга үндөп келатат. Бирок мындай абалда ооган аялдарынын укугу тебеленип, аларга карата зомбулук кайрадан күчөшү ыктымал.
2001-жылдан бери 193 миллиард доллар жумшалган согуш
Афганистандын аймагындагы АКШ жана союздаштарынын аскердик операциялары башталганына жыйырма жыл толот. Пентагон аталган согушка 2001-жылдан бери 193 миллиард доллар жумшалганын эсептеп чыкты. Кампаниянын жыйынтыгы үстөмдүк кылган террордук уюм менен уятка калган тынчтык боюнча макулдашуусу жана америкалык аскердик күчтөрдүн чыгарылышы болду . Эмне үчүн күрөшүшкөн? Эске салсак, 1996-жылдан 2001-жылга чейин өлкөдөгү бийлик талибдердин колунда эле. Тарых кайталанып келет.
Кошмо Штаттар жана "Талибан" 2020-жылы 29-февралда Доха шаарында тынчтык келишимин түзгөн. Анда америкалык аскердик күчтөр чыгарылса, өлкөдөгү касташкан күчтөрдүн ортосундагы саясий жөнгө салуу талабы аткарылары камтылган. Бул макулдашуу афгандар аралык сүйлөшүүлөрдүн башталышына жол ачууга тийиш эле, бирок жыл ичинде Ислам республикасында тынчтык орноп кетпеди. Козголоңчулардын өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттери бир айга да, ал түгүл коронавирус пандемиясынын шартында да токтогон жок.
Жаңы долбоордо бир аз өзгөртүүлөр менен азыркы саясий тутумду сактап калуу, анын ичинде мыйзамдуу президент Ашраф Ганинин отставкасы, парламентке талибдердин келиши, азыркы мыйзамдардын шарият нормаларына шайкеш келишин текшерүү каралган. Туруктуу өкмөт кийинчерээк түзүлүшү керектиги айтылат. Кабулда мурункудай эле жарылуулар болуп турат. Афган армиясы марттын башында өлкөнүн түштүгүндө алдыңкы позициясынан тайды. Талибдер тынбай согушуп жатып, Бадгис провинциясындагы Баламургаб шаарынын жанындагы базаны алып коюшту. Террорчулар жыш калктуу пунктуларда автомобилдерге мина, жолдорго колго жасалган жардыргыч заттарды коюуга басым жасашты. Натыйжада ондогон аскер кызматкерлери жана жай жарандар набыт болушат.
Талибдер КМШны экспансиялоого даярданууда
Террордук актылар көбүнесе Кабул, Нангархар, Кандагар, Урузган жана Фарьяб провинцияларында болду. Дохадагы тынчтык боюнча сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелген соң зомбулуктун масштабы кескин түрдө кеңейген. Талибдер Логар жана Герат провинцияларындагы өкмөттүк күчтөрдүн коопсуздук постторун басып алышууда. Кандагар провинциясындагы Афган улуттук армиясынын 205-постунун 200 чакты блокпосту согушкерлердин колуна мурда эле өткөн. Айыгышкыс жарандык согуш өлкөнүн быт-чытын чыгарып келет. Талибдер жазгы жаңы чабуулга камынууда. Эске салсак, "Талибандын"* саясий кеңсеси Катарда экенин белгилей кетели, топ расмий түрдө Пакистанда жана айрым өлкөлөрдө иш алып барат. Башкача айтканда уюм өлкөгө чектешкен Борбор Азия чөлкөмүнө потенциалдуу террордук жана согуштук коркунуч болуп саналат. Атайын кызматтардын маалыматына таянсак, Афганистанда талибдер менен байланышы бар 10 миңге чукул чет элдик согушкер, анын ичинде Тажикстандын жарандары да бар. Талибдердин "ыйык согушунан" улам Афганистанда ИМ тарапкерлеринин активдүүлүгү күчөп барат. Алар КМШны экспансиялоого даярданууда.
РФ Жогорку соту 2003-жылдын февралында "Талибанды" террордук уюм деп тааныган, соттун чечими дале күчүндө.
Москва афгандар аралык сүйлөшүүлөрдү афгандык процесстерге кыйла күчтүү таасир эте ала турган мамлекеттердин: Орусия, АКШ, Кытай, Пакистан, Ирандын катышуусунда "кеңейтилген үчтүк" алкагында консультация аркылуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк издейт. География да маанилүү экени анык, РФтин салмактуу, жоопкерчиликтүү позициясы заманыбыздын эң татаал жаңжалдарында тараптарга акылга сыярлык чечимдерди табууга жол ачып келет.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg