www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун "Чач" каймана аты бар Э.М. аттуу активдүү мүчөсүн кармаганын кабарлады.

Ал Чүй облусунан колго түшүрүлгөн.

Атайын кызмат Э.М. буга чейин Беларуста киши колдуу болгон криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин тобунда жүргөнүн, Кыргызстандын аймагында бир катар кылмышка барганын жана Жалал-Абаддагы атышууга катыштыгы бар экенин белгиледи.

"Кримтөбөл Э.М. жана ал башкарган кылмыштуу топту "Кыргызнефтегаз" компаниясынын мурунку жетекчиси Р.Бостонкулов мыйзамга каршы аракеттерине пайдаланып жүргөнүн айта кетүү зарыл", — деп белгиленет маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүш иши Бирдиктүү реестрге каттоого алынып, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

УКМК Э.М. жана аны менен байланышы бар адамдар жасаган кылмыштардын бетин ачууга багытталган иш-чаралар улантыларын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости