www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландап жаткан кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын кызматкерлерине адамдардын тобу парламенттик шайлоодон кийин бийликти күч менен басып алууну көздөп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 38-309-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга даярдануу) менен катталган.

УКМК билдиргендей, курамында Жогорку Кеңештин депутаттары жана мурдагы жогорку кызмат адамдары бар саясий күчтөр жетектеген топтун кылмыштуу ишмердүүлүгү жөнүндө далилдер алынды.

Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин адамдардын тобу бир катар саясатчылардын колдоосуна таянып (анын ичинде шайлоодо жеңилгендер да болмок), Бишкек шаарында массалык нааразычылык акцияларын уюштурмак. Андан соң митингчилер менен күч органдарынын кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу уюштуруу үчүн провокация жасап, бийликти басып алышмак.

Ал үчүн адамдардын тобу агрессивдүү маанайдагы 1 миңдей жигит топтогон. Алар баш аламандык уюштурушмак.

Бүгүн, 26-ноябрда тергөөчүлөр бийликти күч менен басып алууну пландап жаткан топтун активдүү мүчөлөрүнүн үйүндө жана кеңсесинде тинтүү жүргүзүштү. Ал жактан бийликти күч менен басып алууга даярдык жүрүп жатканын тастыктаган документтер, курал-жарак, ок-дары жана баңгизат табылды.

Учурда кылмыштуу топтун 15тен ашуун мүчөсү кармалды жана башка шектүүлөр аныкталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости