www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кино-кыйноо
- Сизди көп тасмалардан учуратып келебиз, кино сиз үчүн…?
- Кино мен үчүн, сүрөтчү сүрөт тартып, акын ыр жазып, композитор музыка жаратып ыракаттанган сыңары, мен дагы киного тартылуудан эргүү алып, күч топтойм. А балким, жөн гана жан-дүйнөмө азыктыр.
- Эгерде актёр болбой калсаңыз, кайсы кесипти тандайт элеңиз?
- «Манас» эпосунда айтылгандай: «Үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган» деген сыңары кыргыздын азыркы абалына керек болуп турган Манас сыяктуу айкөл баатырдын жолун улагым келет. Менин жүрөгүм Кыргызстандын тоолорундай!
Эгер мен жанымды курмандыкка чалсам, Кыргызстан өнүгүп-өсүп кетет десе, ойлонбостон дароо жанымды садага чапмакмын. Мейли киного тартылайын, мейли сүрөт тартайын, бассам-турсам дагы оюмдун баары кыргыз эли-жери канткенде өнүгүп-өсөт деген ой дайым жашап келет.
- Кандай кырдаалга туш болгондо эмоцияңызды ичиңизге ката билесиз?
- Сабырдуумун. Бирок үч ирет кайталанса, сыздоок өзөгүнөн жарылган өңдүү мен дагы жарылып алам.
- Көздөгөн максатка жетүү үчүн адам кандай максатка ээ болуу керек?
- Көздөгөн максаты болбосо дагы, адам адегенде ариет-намыстуу болууга тийиш. Келечеги кең, көөдөндөгү максатка жетейин десең, биринчи кезекте ички жан-дүйнөң таза болуп, аруулук болсо ийгилик сага айттырбай келет деп ойлойм.
- Ушундай талант ээсин кандай ата-эне тарбиялады болду экен?
- Атам Муса мал доктур, апам Жумагүл мугалим. Мен 9 айлык кезимден чоң ата, чоң энемдин колунда тарбия алдым.
- Жакшы ыргак дайыма эле аксаган ойлорго балдак болуп бере албайт. Бардык жактан табитти тандай билесизби?
- Бул сурооңуз ойго салчу суроо экен. Мен тандоо жагында өтө кылдатмын. Ошондуктан үйлөнбөй жүрбөйүнбү. Жөн гана мисал кийим алсам дагы, бүт дүкөндү кыдырып, эгер жакпай калса албай келе берем. Качан көңүлүмө төп келмейинче, эски кийимим менен жүрө берем.
- Өмүр жолуңузда эмнелерге жетишип, эмнелерди максат кылып жашайсыз?
- Жашоомдо эч нерсеге жетише элекмин деп айтсам туура болот го. Тактап айтканда, ата-энемдин ыраазычылыгын алып, көзү тирүүсүндө кадырлап-сыйлап алсам, мага андан өткөн, жетишекен максат керек эмес.
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg