www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Жапониянын премьер-министри Фумио Кисидага Осака шаарындагы медициналык мекемеде чыккан өрттөн улам адамдар каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
“Жапониянын Осака шаарындагы медициналык мекемеде чыккан өрттөн улам адамдардын курман болгону тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым.
Ушул кырсыктын кесепетинен курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен бирге, жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Эске салсак, 17-декабрь күнү эртең менен Жапониянын Осака шаарындагы психиатриялык клиникадан өрт чыгып, кеминде 28 киши көз жумду. Полиция өрттү атайлап бирөө койгон болушу мүмкүн деген негизде кылмыш ишин козгогон.
Булак: NazarNews.kg