www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тыюу салынган экстремисттик материалдарды таркатууга шектелген адам Талас облусунда кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер бөлүмүнөн кабарлады.

Маалыматка караганда, интернет колдонуучулардын бири Кыргызстандын аймагында тыюу салынган диний уюмдардын көз карашын чагылдырган материалдарды жарыялаганы аныкталып, бул факты 2021-жылдын 15-октябрында КР Жазык кодексинин 315-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") боюнча каттоого алынган.

"Материалдарга тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, жыйынтыгында ал тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир"* диний-экстремисттик уюмунун көз карашын колдогон материал экендиги аныкталган", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Кийин колдонуучунун ким экени аныкталып, 1971-жылы туулган Ш.Л. Талас облусунан кармалган.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

* — Кыргызстан, Орусия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости