www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жумушчу сапарынын алкагында Баткен облусунун Баткен районунун Газ жана Согмент айылдарына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы сел ташкындарынан улам келип чыккан өзгөчө кырдаалдар кесепетин жоюу иштери менен таанышты.

Белгиленгендей, сел кырсыгы орун алган жерге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчү тартылган.

«Зарыл болгон учурда дагы кошумча күчтөр тартылат. Атайы техниканын жардамы менен кыска мөөнөттө жолдорду, турак-жайлардын жана башка имараттардын аймагын тазалоо иштерин жыйынтыктоо керек. Адамдар тез арада кадимки жашоо нугуна кайтуусу үчүн колдон келген күч-аракеттерди жумшоо зарыл», – деп белгиледи Улукбек Марипов.

Буга катар ал жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү зарылдыгына басым жасады.

«Адамдардын коопсуздугу баарынан жогору турат, өзүнүн жана жакындарынын өмүрү үчүн кооптуу шартта жашоого мүмкүн эмес. Жергиликтүү бийлик органдары мамлекеттик органдар менен биргеликте табийгат кырсыктарынын алдын алуу боюнча мындан аркы иш-аракеттердин планын түзүүсү тийиш. Бул багытта ийгиликтүү иш алып барган башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтөө зарыл», – деди Марипов.

Баткен облусунун Баткен районунун Газ жана Согмент айылдарында 31 турак-жай жабыркаган, учурда келтирилген зыяндын кесепетин баалоо боюнча иштер жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости