www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Өзгөн районунда эки жарандын катуу сабалгандыгы боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, милицияга Ош облустук ооруканасынан телефон аркылуу маалымат түшкөн. Анда Өзгөн районунун Кочкор-Ата айылынын 28 жаштагы тургуну Б.И., 33 жаштагы Б.Ч. жана Базар-Коргон районунун 32 жаштагы М.А. аттуу тургуну жаракат алып кайрылышканы айтылган.

Факты Ош ОИИБде катталып, ыкчам тергөө тобунун өкүлдөрү Ош облустук ооруканага барышкан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Өзгөн районунун Кочкор-Ата айылынын 56 жаштагы тургуну Б.Б. арыз менен кайрылган. Ал 17-июлда саат 21:30дар чамасында эки баласы менен күйөө баласын Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Жайылма жайлоосунда У. А. аттуу адам достору менен сабап кеткенин билдирген.

Факты Жазык кодексинин 266-беренесинин (ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Учурда кылмышка шектүү адамдарды тактоо жана мыйзамдуу чара көрүү боюнча тергөө амалдары уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Сеңир айылында үч жигит топ балдар тарабынан сабалганы боюнча видео социалдык тармактарга тараган. Андагы маалыматка караганда, сабалган жарандар чөп оруп жатканда бирөөнүн жылкысы ошол орулган чөпкө кирип кеткен. Мал ээсине "жылкыңарды айдабайсыңарбы" деп кайрылгандан кийин чыр чыккан. Кийинчерээк жылкы ээлери топ бала менен келип, үч тургунду сабап кеткени айтылган. Экөө оор абалда ооруканада жаткандыгы жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости