www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сугат сууга тийиштүү абал оор. Аны ыкчам чечүү маанилүү. Мындай тапшырманы министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусуна жумушчу сапарынын жыйынтыгы боюнча кеңешменин жүрүшүндө берди.

«Фермерлер сугат суунун жетишсиздигине байланыштуу кооптонуусун билдирүүдө. Мен аларды түшүнүп турам. Сугат суунун таңкыстыгы түшүмдүн жыйым-теримине кедергисин тийгизет. Мындан чыгуунун жолдорун табуу керек. Бул Чу дайрасына тоодон куйган булактардын азайышынан келип чыгууда. Ошондуктан ЧЧК батыш тарабында сугат суунун тартыштыгы келип чыккан. Бирок жалпылап чечүүчү башка көйгөйлөр да бар. Суунун аздыгына шылтоолоп отура бербеш керек. Биз жакшы түшүм алуу үчүн дыйкандарды суунун тийиштүү көлөмү менен камсыздообуз керек. Бул азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу маселе», - деди Улукбек Марипов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев маалымдагандай, ал Кемин районундагы сугат сууга байланыштуу абал менен жеринде таанышып келген.

Анын айтымында, негизги көйгөйлөрдүн бири – өткөрүү жөндөмдүүлүгү бүгүнкү талаптарга туура келбеген эски советтик сугат каналдары. Мындан тышкары, суунун жетишсиздиги каналдардын айрым борпоң топурактуу тилкелериндеги жогорку фильтрациядан улам келип чыгууда.

«Көйгөй жаралып жатса, аны чечүү керек. Ооба, ага акча каражаты керектелет. Эгерде бул маселени бүгүн чечпесек, эртен бүтүндөй өлкө жоготууга кептелет», - деп белгиледи Улукбек Марипов.

Кеңешменин жүрүшүндө Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Сокеев Алмазга сөгүш жарыяланды.

Марипов долбоордук сунуштарды ыкчам иштеп чыгуу максатында ирригациялык тармактарды өркүндөтүү боюнча кыска мөөнөттө сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости