www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2004-жылдагы «Центерра голд инк» компаниясын түзүү боюнча келишимине Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттарынын көпчүлүгү каршы турушкан. «Кумтөр» кенин иштетүү үчүн чет элдик банктардан алган кредиттердин жалпы суммасынын 80%дан ашыгы төлөнүп калганда, ал эми алтындын баасы дүйнөлүк рынокто болуп көрбөгөндөй жогорулаган учурда жасалып жатканын баса белгилешип, келишим боюнча сунуштарга макул болушкан эмес. «Центерра голд инк» компаниясы түздөн-түз же бир нече туунду ишканалар аркылуу «Кумтөр голд компанинин» (Кумтөр оперейтинг компани) капиталынын 100% ээси болуп калат дешип, келишимди жактабаган чечимдерди кабыл алышкан. Чынында парламентте катуу талкуу болгон. Өтө маанилүү үч токтом кабыл алынган.
Маселен, «Кумтөр» кен чыккан жери боюнча Башкы макулдашууга жана «Кумтөр» долбоорунун ТЭНине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен гана киргизилсин; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2003-жылдын 31-декабрындагы № 835 токтомун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларын бузуу менен кабыл алган деп эсептелсин; Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кумтөралтын» долбоорун реструктуризациялоо боюнча чечими элдин кызыкчылыктарына карама-каршы келип, мамлекетке зыян келтирээрине көңүл бөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кумтөралтын» долбоорун реструктуризациялоо жөнүндө 2003-жылдын 31-декабрындагы №835 токтомун жокко чыгарсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, «Центерра голд Инк» жана «Кумтөр голд компанинин» ортосундагы Инвестициялык макулдашууга, ошондой эле бул документке байланышкан башка документтерге кол коюусун жараксыз деп тапсын; Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасы үчүн көз көрүнөө пайдасыз Башкы макулдашууга тиешеси бар адамдарга карата чара көрсүн» деген өтө маанилүү чечимдерди кабыл алышкан.
Жогорку бийлик органдарына тиешелүү тапшырмалар берилген. Тилекке каршы, мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын мээнети текке кетти. Акаев канадалыктар менен жаңы ишкананы түзүүдө мурдагы «легендарлуу» парламенттеги сценарийин кайталады. Депутаттардын сунуш-пикирин угумуш болгону менен баары бир өзүнүн максатына жеткен. Башында келишимге каршы болуп жүргөн депутаттардын айрымдары, жыл өтпөй келишимди жактап, канадалык компаниясынын «короосунан» чыкпай калгандары болду.
Мисалга алсак, ошол убактагы коммунист депутат Орозбек Дүйшеев «Центерра» боюнча келишимге ачыктан ачык каршы чыккан. Бул аксакал эмне үчүн мурдагы принциптеринен тайып, кийин канадалыктарды жактап адвокат болуп калганы түшүнүксүз.
Мына эл тараза, эл калыс демекчи, кечээ эле «Кумтөрдү жоготуп жибербейли» деп Жогорку Кеңештин бийик трибунасынан күпүлдөп маселе көтөрүп жүргөн Дүйшеев мырза, «Центеррага» чаң жугузбай калкалап, 15,6 пайыз үлүшкө да ыраазы болгон.
Кылымдын аферасына айланган «Кумтөр» кенинин тегерегинде ар бир чечим, ар бир билдирүү тарых алдында өз баасын алат деген ойдомун. Андагы Абдыганы Эркебаев төрагалык кылган Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынын чечимдери Акаев менен канадалык шылуун ишкерлердин кызыкчылыгына каршы турган олуттуу сунуштарды берген. Анда эмесе ошол чечимдерди окуп, акыл калчап көрүңүз окурман.
Маанилүү чечимдердин бири, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 2003-жылдын 20-июнунда «Камеко Корпорейшн» корпорациясынын сунушу боюнча «Кумтөралтын» долбоорунун түзүмүн өзгөртүү жөнүндө 3 №1232 11 токтомун кабыл алышкан.
Анда, «1992-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Канаданын «Камеко» компаниясы менен Кумтөр алтын кенин иштетүү жөнүндө Башкы макулдашууга кол коюлган, анын эсептелген запасы 1992-жылдын 1-январына карата 516 тоннаны түзгөн. «Кумтөр-1» долбоорунун курулушу (запастын бир бөлүгүн ачык ыкма менен иштетүү 316 тонна техникалык-экономикалык негиздеменин (ТЭНдин), эсеп-кысабы боюнча АКШнын 276 миллион доллардын ордуна АКШнын 452 миллион доллары жумшалган.
«Кумтөр-1» долбоору боюнча кен чыккан жердин курулушу 1996-жылдын акырында аяктаган. 1997-жылдан 2002-жылга чейин 115,8 тонна алтын казылып алынган. 2003-жылдын 1-январына карата ТЭН-95 боюнча алтын ачык иштетүүнүн запасы 130 тоннаны, жаңы программа боюнча – 97 тоннаны түзгөн. Алтын кенин казып алуу долбоордогу кубаттуулуктан озуу менен ыкчам жүргүзүлгөн, ушундан улам казып алуу кызматынын мөөнөтү 6–8 жылга кыскартылган. Бул долбоордогу иштердин абалын талдоо төмөндөгүлөрдү көрсөтөт:
Кыргыз тарапка карата алганда, Башкы макулдашуунун шарттары башталышында эле майнаптуу болгон эмес. Муну 2-чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети тарабынан түзүлгөн депутаттык комиссия белгилеген. Ал республикада алтынды казып алууну өнүктүрүү маселелери боюнча иш жүргүзгөн.
Кыргыз тарабы үчүн долбоордун пайдасыздыгы Башкы макулдашууну түзүү учурунда белгиленген – бул металлды эмес, дивиденддерди бөлүштүрүү болуп, мында «Кумтөр голд компани» биргелешкен ишканасын башкаруудан кыргыз тарабы четтеп калган. Кенди иштетүү жана ишкананын финансылык иши Башкы макулдашууга ылайык «Камеко» «Кумтөр оперейтинг компани» туунду фирмасына толук бойдон өткөрүлүп берилген.
2002-жылдын сентябрында «Камеко» компаниясы «Кумтөр алтын» долбоорунун түзүмүн өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш менен кайрылган. Аталган сунушту иликтөө «Камеко» компаниясы кыргыз тарабынын кызыкчылыгына тиешелүү түзүмдү өзгөртүүнүн финансылык жана юридикалык маселелерин жеткиликтүү эмес иштеп чыккандыгын көрсөттү.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Респу-бликасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Канаданын «Камеко корпорейшн» корпорациясынын ортосундагы «Кумтөр» кен чыккан жери боюнча Башкы макулдашууга жана «Кумтөр» долбоорунун ТЭНине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен гана киргизилсин;
– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үстүбүздөгү жылдын сентябрында «Кумтөралтын» долбоорун жүзөгө ашыруу менен байланышкан иштер жөнүндө кеңири маалымат берсин;
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Н. Т. Танаев 2003-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын парламенттик угуусунда кабыл алынган сунуштардын аткарылышына контролдукту күчөтсүн;
Тийиштүү маселелер боюнча ушул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Курулуш, кен байлыктар, транспорт жана коммуникация боюнча комитетине (И. Д. Кадыр-беков), Бюджет жана финансы комитетине (М. А. Султанов), Мамлекеттик коопсуздук маселелери боюнча комитетине (И. И. Исаков) жүктөлсүн» деген токтом жарык көрөт.
Бирок, Кыргыз Өкмөтү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын токтомун каакы ордуна көрбөй, өз билгенин жасай берген. Ал эми Өкмөттүн кайдыгерлигине карата Жогорку Кеңеш дагы тийиштүү чара көрө алган жок.
Арадан толук бир жыл өткөндөн кийин, тагыраагы, 2004-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Камеко корпорейшн» корпорациясынын сунушу боюнча «Кумтөр-алтын» долбоорун реструктуризациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2003-жылдын 20-июнундагы З №1232-11 токтомун «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бузгандыгы жөнүндө» З № 1694–11 токтомун кабыл алат.
Анда эмесе назар салыңыз, окурман. З № 1694-11 токтомдо:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Камеко корпорейшн» корпорациясынын сунушу боюнча «Кумтөралтын» долбоорун реструктуризациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2003-жылдын 20-июнундагы З №1232-11 токтомун 31-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугусуз бузуп, Инвестициялык макулдашууну жактыруу жөнүндө № 835 токтомун кабыл алган.
Бул макулдашуу боюнча Торонтодо (Канадада) катталган «Центерра голд инк» компаниясы түздөн-түз же бир нече туунду ишканалар аркылуу «Кумтөр голд компанинин» (Кумтөр оперейтинг компани) капиталынын 100% ээси болуп калат. Мына ушулардын бардыгы кредиттердин жалпы массасынын 80%тен ашууну төлөнүп, 2004-жылдын 1-апрелине карай төлөнө турган 98 миллион АКШ доллары калып, ал эми алтындын баасы дүйнөлүк рынокто болуп көрбөгөндөй жогорулаган учурда жасалып жатат.
Эсептөөлөр мындай реструктуризациялоонун натыйжасында республика жүздөгөн миллион АКШ долларын жоготуп, Кыргызстан «Кумтөр» кенин контролдобой кала тургандыгын көрсөтүп отурат.
2003–2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кумтөрдөгү» алтын жөнүндөгү маселени үч жолу караштырды. «Кыргызстандагы алтын казып алуунун өнүгүшүнүн келечеги, «Кумтөр-l» долбоору боюнча республиканын экономикасына салым» маселеси боюнча 2003-жылы 16-апрелде өткөрүлгөн парламенттик угуу 20дан ашуун пункттан турган сунуштарды кабыл алган, алардын көпчүлүгү аткарылбаган бойдон калууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Курулуш, жер казынасы, транспорт жана коммуникациялар боюнча комитетинин, Мамлекеттик коопсуздук маселелери боюнча комитетинин жана Бюджет жана финансы боюнча комитетинин демилгеси менен өткөрүлгөн 2004-жылдын 11-февралындагы парламенттик угуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары бузулгандыгын белгилеген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-декабрындагы № 835 токтомун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу 1694-жыйынынын 2003-жылдын 20-июнундагы «Камеко корпорейшн» корпорациясынын сунушу боюнча «Кумтөралтын» долбоорун реструктуризациялоо жөнүндө» З № 1232-11 токтомуна карама-каршы токтом катары жокко чыгарууну сунуш кылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү парламенттин, коомчулуктун ой-пикирин этибар алган жок. Ал токтом бүгүнкү күнгө чейин жокко чыгарылган эмес.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы «Кыргызалтын» АКсынын жетекчилеринин Башкы макулдашуу биздин мамлекет үчүн көз көрүнөө пайдасыздыгы жөнүндөгү билдирүүсүнө карабастан, бүгүнкү күнгө чейин тийиштүү чаралар көрүлгөн жок.
Жогоруда айткандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2003-жылдын 31-декабрындагы № 835 токтомун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларын бузуу менен кабыл алган деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кумтөралтын» долбоорун реструктуризациялоо боюнча чечими элдин кызыкчылыктарына карама-каршы келип, мамлекетке зыян келтирээрине көңүл бөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кумтөралтын» долбоорун реструктуризациялоо жөнүндө 2003-жылдын 31-декабрындагы №835 токтомун жокко чыгарсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, «Центерра голд Инк» жана «Кумтөр голд компанинин» ортосундагы Инвестициялык макулдашууга, ошондой эле бул документке байланышкан башка документтерге кол коюусун жараксыз деп тапсын.
–2003-жылдын 16-апрелиндеги жана 2004-жылдын 11- февралындагы парламенттик угуулардын сунуштарын аткаруу боюнча кыйшаюсуз чаралар көрүлсүн;
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын башчылыгы алдында «Кыргызалтын» АКсынын каражаттарынын эсебинен чет өлкөлүк эксперттерди тартуу менен «Кумтөралтын» долбоорун реструктуризациялоо эл аралык экспертизадан өткөрүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына:
2004-жылдын иш планына «Кумтөр голд компани» (Кумтөр оперейтинг компани) биргелешкен ишканасы иштеген бүткүл мезгилиндеги ишин текшерүү киргизилсин;
– «Кыргызалтын» АКсы таза пайданын эсебинен – дивиденд катары алган (6 млн.) жана менеджмент катары алган (3,9 млн) 9,9 миллион долларынын пайдаланышын текшерсин.
6. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасы үчүн көз көрүнөө пайдасыз Башкы макулдашууга тиешеси бар адамдарга карата чара көрсүн.
Ушул токтомдун аткарылышына контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Курулуш, жер казынасы, транспорт жана коммуникация боюнча комитетине (И. Д. Кадырбеков), Бюджет жана финансы комитетине (М. А. Султанов), Мамлекеттик коопсуздук маселелери боюнча комитетине (И. И. Исаков) жүктөлсүн» деген олуттуу токтомду кабыл алышып, коомчулукка добулбас кагышкан.
Албетте, бул токтомду дагы Кыргыз Өкмөтү тоготкон эмес. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын чечимдери учурдун талабын жактап, күрөө-тамырын кармап турганы менен эмнегедир токтомдун 6-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасы үчүн көз көрүнөө пайдасыз Башкы макулдашууга тиешеси бар адамдарга карата чара көрсүн» деген талаптары орундалбай калды.
Башында катуу маселе коюп келген депутаттар маселени аягына чыгарууга эрки жетпеди. Анткени, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдорду ишке ашыруу ар бир бийлик бутагынын милдети болчу. Алар өз укугунан толук пайлана алышкан жок. Эгерде, ошол учурдагы мыйзам чыгаруу жыйыны бекем принципке турганда, келишимдер Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөп түзүлөрү бышык эле. Жоопкерчилик жүктөлгөн Жогорку Кеңештин 3 комитети, бакыйган үч депутат-жетекчилери контролду аткарууга эмне аракет кылышкан жок деген суроолор туулат.
Ошентип, өлкөнү башкаруучу үч бутагынын бири болгон Жогорку Кеңеш Кыргыз Өкмөтүнө тили өтпөй кала берди. Же болбосо А. Акаев баш болгон Өкмөт башчысы Н. Танаевдин командасына чара көрүүнү каалашкан жок. Бирок, мен өз принцибимден тайган жокмун. Н. Танаев кол койгон № 835 токтомду мыйзамга каршы келет деп, аны жокко чыгаруу боюнча Премьер-министрге бир нече ирет кайрылуума жооп болбогондуктан, Өкмөттү сотко бергем.
Негизи Н. Танаев түзгөн келишимди жокко чыгаруу боюнча парламентте маселелер каралып келген. Жалпы жонунан 5 токтом кабыл алынганы менен мурунку-кийинки бийликтин Өкмөтү тоготуп койгон эмес. Маселен, 2004-жылы июнь айында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасы «Центерра» долбоорунан чыгуу жана 1992-жылдагы макулдашууга келүү боюнча Өкмөткө милдеттендирип, Башкы прокуратурага 2003-жылдагы Кыргызстан үчүн пайдасыз, мыйзамсыз келишимге кол койгон жооптуу адамдарга кылмыш ишин козгоо тапшырылган.
2005-жылы Мыйзам чыгаруу палатасы үчүнчү токтомду кабыл алып, 2003-жылдагы келишимге кол коюуда Өкмөт өз укугунун чегинен аша чаап кеткенин, мыйзамга туура келбейт деп белгилешкен. 2012-жылдын 27-июнундагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын төртүнчү токтомунда, 2003-жылдын 31-декабрындагы кол коюлган инвестициялык макулдашуудан чыгууга Өкмөткө тапшырма берип, Башкы прокуратурага келишимди иштеп чыккандарга жана аны кабыл алган жооптуу адамдарга кылмыш ишин козгоо маселесин койгон. 2013-жылдын 21-февралында Жогорку Кеңеш «Кумтөр» кенине карата бешинчи токтомун чыгарып, «Центерра» долбоорунан чыгууга Өкмөткө тапшырма берген. Тилекке каршы, өлкөдөгү башкаруу бийлигинин бир бутагы болгон Жогорку Кеңештин токтомдору аткарылбай кала берди.
КУБАНЫЧБЕК ИСАБЕКОВ, Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты, экс-вице-спикери, КРнын Эмгек сиңирген экономисти, юридика илимдеринин кандидаты
Булак: NazarNews.kg