www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун Талас облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы Бишкек — Ош унаа жолундагы реконструкциялоо ишин, Өтмөк ашуусундагы Суусамыр — Талас — Тараз жолунун абалын текшерип, Жерүй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты.

Ошондой эле жарандардын арыздары боюнча Көк-Кашат айылындагы Атай Огонбаев атындагы мектептин абалын текшерди, Шекер айылындагы «Чынгыз-Ордо» тарыхый-маданий комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Мындан тышкары, жакында сел жүргөн Кара-Буура районуна барды.

Сапардын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Тактап айтканда, жамап-түзөө иштеринен баш тартып, Төө-Ашуунун түштүк тарабындагы 6 км унаа жолуна эки катмар асфальт төшөө менен капиталдык ремонттон өткөрүү, Кара-Буура – Чаткал жол тилкесин грейдер менен тазалап, жолду ачуу тапшырылды.

Кара-Буура районундагы селдин кесепетинен жабыркаган көпүрөнү эки жуманын ичинде калыбына келтирүү милдети коюлду. Мындан тышкары, Министрлер кабинети келерки жылы Шекер айылындагы «Чынгыз-Ордо» тарыхый-маданий комплексинин курулушунун биринчи этабын жыйынтыктоо үчүн калган сумманы бөлүп берет, деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости