www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) менен биргеликте уюштурган “Интеллектуалдык менчик инновациялык экономикада” темасындагы Улуттук семинарынын биринчи иш күнү башталды.

Экономиканы өнүктүрүүдө интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын ролу жөнүндө актуалдуу жана маанилүү маселелерди чечүү семинардын максаты болуп саналат.

Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөп, жемиштүү бизнести жаратуу процессинде интеллектуалдык менчиктин баарын камтыган ролун баса белгиледи, ал ийгиликтүү инновациялык ишканалардын санын көбөйтүүгө көмөктөшөт. “Кыргызстанда интеллектуалдык менчиктин өнүгүшүнүн артыкчылык багыты болуп, билим берүүнүн натыйжалуу тутумун түзүү, кадрдык камсыздоо маселелерин чечүү, инновациялык өнүгүү үчүн пайдалуу адистердин дасыгын жогорулатуу маселелери саналат”, – деди ал.

ИМБДУнун Өткөөл жана өнүккөн экономикадагы өлкөлөр департаментинин программасынын жетекчиси Евгений Сесицкий өз сөзүндө семинардын актуалдуулугуна ишенимин билдирди жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтты өндүрүмдүү пайдалануунун зарылдыгын белгиледи. “Заманбап этапта инновациялык өнүктүрүүнүн мүнөздүү чектери болуп, инновацияны өнүктүрүүнүн, орундарды алмаштыруунун жана инновациянын сапатынын ылдамдыгы, ошондой эле материалдык эмес активдердин ролун арттыруу саналат”, – деди ал.

Эки күнгө (7-8-июнь) созулган семинардын программасында иш-чаранын чет өлкөлүк жана жергиликтүү катышуучуларынын баяндамалары, практикалык сабактар, старт-аптарды түзүүдө материалдык эмес активдерди жана интеллектуалдык менчикти баалоолор болот.

Семинарга ИМБДУнун, Испания патенттик уюмунун, Рига техникалык университетинин (Латвия), CLP Diffusion Capital Рartnership (Түркия), КРнын министрликтеринин жана ведомстволорунун, Кыргызпатенттин, КР Соода өнөр-жай палатасынын, КР Улуттук илимдер академиясынын, ЖОЖдордун жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышууда. Эксперттер маселелерди кароо боюнча пикирлерин жана тажрыйбаларын алмашып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости