www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаарында, Балыкчы-Корумду унаа жолунда иштеген жумушчуларына  айлык акы төлөбөй келген компаниянын өкүлдөрү басма сөз жыйын  өткөрүштү.

Компаниянын өкүлдөрү президенттен жана өкмөт башчыдан  көйгөйдү чечип берүүнү өтүнүшөт.

Эмне үчүн жумушчуларга айлык акы берилбей келет Кытайлык “Лонг Хай” компаниясынын өкүлү Джан Бо жыйында билдирди. 

Анын айтымында, өткөн жылдын декабрь айында компаниянын ишинде мүчүлүштүктөр болгондуктан, сот иши жүрүп жаткан. Ал ортодо мамлекеттик салык кызматы ишкананын акчасын, сот иши аягына чыга электе мыйзамсыз тартып алган.

“2019-жылдын декабрында Транспорт жана жол министрлиги тарабынан бизге сертификаттын акчасы төлөнүп, финансы жактан каржыланган. Мында мыйзамсыз иштер болуп калгандыктан, ушул маселе боюнча соттошуп жатканбыз. Бирок соттун чечими чыга электе эле,  салык кызматы акчаны мамлекетке мыйзамсыз алып кетип калды. Мындан улам кызматкерлерге айлык акыны, ижаранын акчасын бере албай, элдин алдында карыз болуп олтурабыз. Бул маселени президенттибиз, өкмөт башчыбыз карап, чечип берүүсүн суранабыз. Бул себептен биздин техникалык башкы инженерлерибиз жана коопсуздук кызматкерлер болуп, толук маалыматты берели деп келдик”,-деди  Джан Бо.

Эске  сала кетсек, Бишкек- Балыкчы-Корумду унаа жолун салуу үчүн тендерди Кытайлык “Лонг Хай” компаниясы утуп алган. 2015-жылы ноябрь айынан тарта куруу иштери башталган. Ысык-Көлдү толугу менен айланта унаа жолдорун оңдоп, 2018-жылы толугу менен аягына чыгышы керек болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости