www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-мартта Кыргызстанга гуманитардык жардам катары келген вакцина препараттарын ташуу үчүн 8 авторефрижератор жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдирди.

Транспорттук каражаттар вакцина жана иммундаштыруу боюнча Глобалдык альянс (ВИГА) тарабынан берилген жана ЮНИСЕФтин ченемдик документтерине ылайык сатылып алынган.

Бөлүштүрүү планына ылайык, транспорттук каражаттар Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн 7 облустук борборуна бөлүштүрүлөт жана бир автоунаа Улуттук иммунопрофилактика борборуна берилет. Авторефрижераторлор вакцина препараттарын + 2, + 80 градус температурада ташууга арналган.

Белгилей кетсек, ВИГА альянсы Кыргызстандын өкмөтүнө 2001-жылдан бери накталай каражаттардын жардамы менен бир катар программалар боюнча, анын ичинде иммундаштыруу кызматтарына көмөктөшүү, коопсуз инъекцияны колдоо, вакцинаны жайылтуу үчүн грант берүү жана Саламаттыкты сактоо системаларын чыңдоо (ССЧ) боюнча колдоо көрсөтүп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости