www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“ЕАЭБ Кыргызстанды көмүскөдө калтырды”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экономика боюнча серепчи Искендер Шаршеев.

--“Кыргызстан биримдикке кирип жатканда, өкмөт көп нерсени убада кылган. Бири да аткарылбай, бардыгы тескерисинен чыкты. “Товарлардын баасы түшөт, экспорт күчөйт, аны менен катар товарлар чек арадан эркин өтүп, ири базарларга жол ачылат”, деген кур убадаларды беришкен. “Бажынын жыйнаган акчалары көбөйүп, сырьенун баасы арзандап, өндүрүштөр өсөт”, деп да айтышкан. “Орусиядан келген бизнесмендер Кыргызстандын товарларынын көбүн алат” деген да сөздөр жүргөн.

Жогоруда мен белгилеп кеткен убадалардын бирөөсү да аткарылган жок. Биримдикке киребиз дегенде, экономисттер учурдагы көйгөйлөрдү айтып, талдап бергенбиз. Бирок тилекке каршы, бизди укпай коюшкан. Жыйынтыгы мына, дыйкандарды, бизнесмендерди кыйынчылыкка түртүп отурабыз”, - дейт серепчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости