www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кудайга миң мертебе шүгүр! Коомубузда «Мекенчил» инсандарыбыз ушунчалык көп экен. Борбордук аянтта Кыргызстандын Туусун көтөрүп турган адамды түнү 03:30 дар чамасында ошол көчөдөн Мобилдик батальондун экипажы менен өтүп баратып көрүп калдым. Чынын айтсам интернетке киргенге убакыт жок кечээ кечке жуук аянттагы Тууну шамал учуруп кеткенин деле уккан эмес экенмин. Мен Тууну тикесинен-тик туруп кармап турган адамдын жанына басып барганымда анын көздөрүнөн ушунчалык сыймыктанууну, ата-журтту, эли-жери, мамлекети үчүн жанын аябай турган азаматтын көз карашын байкадым. Ошол замат эле жанымдагы видеокамерамды ага каратып, "качантан бери турасыз?"- деген суроону узаттым.

 Ал түнкү 12ден бери турганын айтып, өзү тууралуу маалыматтарды да айтып берди. "Мык менен жипти колдонуп сүрөт тарткан Азамат Жаналиев" жөнүндө мурда угуп жүргөм, бирок аны менен тааныштыгым жок эле. Анын видеосун ФБга жүктөп коюп андан ары программага байланыштуу сьемка менен шаардын башка бурчуна кеттим. Чөнтөк телефонум 1 сааттай убакыт өтпөй эле жаны тынбай улам-улам эле видеого билдирүү калтырган, видеону бөлүшкөн адамдардын саны өтө тездик менен өсүп атканын байкадым. Ошол маалдарда жаан да майдалап катуулап жаап баштады. Азамат үшүп калды го деген ойдо кайрадан аянтты көздөй бет алып жолдон ысык кофе алып алдым. Келсем баягы видеодон кийин Азаматтын тааныштары, достору аны менен байланышып, Алматыдан жол тартып келаткан дагы бирөө ысык чай менен тамагын таштап кеткенин айтып калды. Бул маалдарда саат таңкы 5тен өтүп жаан майдалап катуулап баштаган.

Ал башына баштык кийип алганы менен башынан ылдый аккан жаан кийимдерине өтүп кеткени көрүнүп турду. Мында да ФБдан дароо түз эфир уюштуруп, анын ошол учурлардагы көл-шал суу болгон көрүнүшүн башкаларга бөлүштүм. Кийинчерек башка даректе токтотулган машинамдагы куртканы ага алып келип берейин деген ойдо кетип кайра келсем, анын жанында 2 жигит туруптур. Алар менден мурда эле Азаматка жылуу, кургак кийимдерди бут кийим, байпагы менен алып келип кийигизишип коюптур. Ал эми ары жакта 4-5 аскер кийимин кийген адамдар келип желекти илүүгө даярдап жатышыптыр. Менин колумда адаттагыдай эле видеокамера иштеп турду. Баягы аскер кийимчендердин бирөө басып келип, видеого тартканга болбой турганын эскертти. Мен болсо алыстан гана тартып алардын жумушуна тоскоол болбой турганымды айтып түшүндүрдүм. Айтымында окуяны жетекчиликтегилер билбөөсү керек экен. Аны да түшүнсө болот, чочоңдогон чоңдору алардын мээсин жеши толук мүмкүн.

Ошентип кечки 20:30 дарда катуу шамалдан айрылып жерге түшүп калган Мамлекеттик Туунун жаңысы эртеси таңкы 05:50дө 4 аскердин арекети менен кайрадан ордуна илинип, желбиреди. Азамат Жаналиев өзүнүн туусун жыйнап үйүнө кетти, мен жумушту көздөй кеттим. Мындай пикирин тележурналист Ильяз Балташев, коомчулукка жарыя кылды.

Баса, айрылган туунун ордуна, үйүндөгү туусун алып келип аянтта турган Азаматка КР президенти С.Жээнбекова көңүл бурабы экен э? Андыктан эки кыргыздын азаматы, Азамат Жаналиевге жана Азаматтын азаматтыгын элге жар салган Ильяз Балташевге терең ыраазычылык жана таазим. Кыргыздын силердей патриот жигиттери көп болсун!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости