www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Назми, күзгүнүн астында канча саат олтурасыз?
- Ар кандай болот. Шашылыш болсо беш же он беш мүнөт. Айрым учурда эки саат деле жетпей калат. Күзгүнүн астындагы убакыт кырдаалга жараша өзгөрүлүп турат.
- Чыгармачылыкта курбуларыңыз барбы?
- Ооба, абдан көп. Баарын атап олтурунуун кажети жок. Себеби, баарын атасам айрымдарын унутуп калып таарынтып алышым толук мүмкүн.
- Спорттун кайсы түрүнө кызыгасыз?
- Спортту абдан жакшы көрөм. Бардык түрлөрүн сыйлайм. Теледен да көрүп турам. Ал эми өзүм жөнүндө сөз кылсам, дене мүчөмө төп келген микс аэробика бар.
- Мультфильм көрөсүзбү?
- Албетте. Кичинекей балдарым бар болгондуктан, алар каалаган мультфильмдерди тандап коюп берип олтуруп аталыштарын жана каармандарын да жакшы билип калдым. Мага көбүнчө советтик мультфильмдер көңүлүмө жагат.
- “Титаник” кино тасмасын канча ирет көргөнсүз?
- Бул тасма жарыкка чыгаар алдында жарнамасы абдан күчтүү болуп, трейлери кызыктырып жана бир нече Оскар сыйлыктарын жеңип алышканда абдан чыдамсыздык менен күткөм. Бирок, тасманы башынан аягына чейин толук бир эле жолу көрүптүрмүн. Кийин теледе болуп жатса үзүндүлөрүн эле көрүп калам.
- Саясатка көз карашыңыз кандай?
- Мен саясаттан өтө алыс адаммын. Жолдошумдун достору менен олтуруп алар сүйлөшүп калганда кызыгып калам. Кээде саясатчылар тууралуу сурап калам. Акыркы учурда алар тууралуу сөз кылгандан да тажап калдым.
- Сизди суктандырган мамлекет?
- Аябай суктанганып ал жакта жашагым келет деген деле мамлекет жок. Мага Кыргызстандан өтөөрү жок. Аны эч качан алмаштырып, чанбайм.
- “Жар-жар” айтканыңыз жагат. “Ставкаңыз” канча?
- Мен аткарып жүргөн “Жар-жар” ыры попурри түрүндө. Элдин баарына жагып жүрөт. Башында өзүмдүн ставкамды ачык айтам. Бирок, кээде “Тыйын жагынан тартыш. Биздин жакшылыкка сиз айтып берсеңиз жакшы болот эле” деп суранып калышса мен баш тартпайм. Той ээлеринин шартына көнүп ырдап берем.
- “Манас” жөнүндөгү ырыңыз бир нече радио жана ТВнын көркөм кеңеши тарабынан өтпөй калганына кандай көз караштасыз?
- Түз эле көз караштамын. Себеби, ал жерде жөн адамдар олтурган жок. Баардыгын өз ою бар. Бирок, биз ушул ырга өтө кылдаттык мамиле кылганбыз.
- Эмне үчүн акыркы күндөрү кара түстөгү кийимдерди көп кийип калгансыз?
- Бул түстөгү кийимдер менен фотосессиям көп болуп калды болуш керек. Имиджимди өзгөртүп чыга баштаганда бул түстөгү кийимдерге маани берүүгө туура келип калган. Бирок, апам жана жолдошум “Кара кийинбе. Ачык түстөгү кийимдерди эле кийчи” деп көп айтышат.
Булак: NazarNews.kg