www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

26-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров баштаган делегация Бутан мамлекетинин парламент төрагасы менен жолугушту. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Эмил Токтошев (“Ата Мекен” фракциясы), депутат Таабалды Тиллаев (“Республика-Ата-Журт” фракциясы) бар. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын делегациясы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) долбоорунун көмөгү астында үстүбүздөгү жылдын 24-июнунан 01-июлуна чейин Бутан мамлекетинде органикалык айыл чарбасынын алдыңкы иш-тажрыйбалары менен таанышуу максатында иш сапарында жүрөт.

Эске салсак, иш сапарда КР Айыл чарба, тамак-аш өнөржайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев баштаган аткаруу бийлигинин өкүлдөрү бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости