www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

И. К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Адинай Мырзабекованын эстелиги тургузулду. Бул тууралуу журналисттерге анын туугандары билдиришти.

Адинай Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жетиген айылында жерге берилген.

Өлгөндөн кийин 40 күндүк эскерүү кечеси (кыркынчы күн) 21-августта Юрьевка айылында өткөрүлөт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курстун студенти 13-июль күнү каза болгонун маалымдаган. Ошондой эле, мекемеден маркумдун өлүмүнүн себеби эки тараптуу пневмония болгон деген алдын ала маалымат беришкен. Акыркы диагноз соттук-медициналык изилдөөлөрдөн кийин белгилүү болот.

Адинай Мырзабекова өз жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн «Эрдик» медалы менен (курман болгондон кийин) сыйланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости