www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ичимдеги бугум батпай көпчүлүк менен бөлүшүүнү чечтим. 

Өзүм чыгармачыл инсан болгондуктан, ырчылык өнөрдү аркалап иштеп келе жатканыма көп убакыт болду. Сахнадан бир аз болсо да өз ордумду таптым. Ош шаарында эң алдыңкы ырчы айымдардын биримин. Турмушка чыкканыма беш ай болду. Боюмда боло элек. Жолдошум экөөбүз жакшынакай эле той кылып баш кошконбуз. Жолдошумду аябай сыйлап, иштен келгенде түрлөп тамактарды жасап берем.Түнү ал үчүн жасанып таза болуп жатам. Жакында инстаграммдан мурунку тааныш кызы менен "Аялымды бир көрүп эле үйлөнгөм. Сени сүйөм го... Аялым ырчы болгону менен аны ырдатпайм. Анын мага кызыгы деле калбады. Төшөктө мени канаттандырбайт. Сен мени канаттандырасың. Кумарга баткандагы үнүңдү сагындым. Жолукпайлыбы?" деп жазышыптыр.

Ал кыз "Аялың эмне болот?" десе, ал Ошто мен бул жакта деп жооп бериптир.

"Шаар кыдырабыз" деп пландап бири-бирине сүрөттөрүн жөнөтүп... Ал кыз сүрөтүн жөнөтсө "Эриниңден тиштей турган болуп калыптыр. Жолуксам мойнуңдан дагы башка жерлеринди тиштейм. Денеңди бүт өпкүлөп чыгам. Сени менен ар бир күндүн түнүн өткөргүм келет. Сагындым сени"- деп жазыптыр. Окуп алып күйүп кеттим.

Бирок, күйөөмө эч нерсе айткан да, билдирген да жокмун. Мындан ары кандай арга кылаарымды билбейм... Аны менен бактылуу болом деп карьерамды да жыйыштыргам. Бирок, элдин бетин кайра кантип карайм? Өксүп кеттим...

Аруужан Булекбаева

NazarNews.kg

Последние новости