www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын эң популярдуу ырчы мырзасы Кайрат Нуртас 20-февраль күнү сүйүктүү жубайы Жылдыз Абдукаримова менен бирге үйлөнгөндөрүнө 10 жылдыгын ачык асманда Мальдив аралында белгилешти. Бул саамалыкты түгөйлөр күндүзү жаңы үйлөнгөн түгөйлөрдөй каттоодон өтүп, кечти романтикалык тамактануу менен жыйынтыкташты.  

Он жыл бою жубайын сары майдай сактап келип, былтыркы жылы ачыкка чыгарган ырчы мырза жубайы менен Астанада алты жылдан бери өз алдынча күн кечиришет. 

Учурда төрт наристенин ата-энеси болгон түгөйлөр жай мезгилинде балдарын гастролдук турнеде сахнада алып чыгып, эл менен тааныштырууну пландап жатышыптыр.

Бул тууралуу маалымат менен ырчы мырзанын апасы жана продюсери Гүлзира Айдарбекова биз менен бөлүштү. 

Ал эми түгөйлөрдүн ысык өлкөдөгү дем алуулары бир жумага созулаары бизге белгилүү болду. 

Анан да Кайрат менен Жылдыздын эс алуудагы кызыктуу сүрөттөрү төмөндө! 

Аруужан Булекбаева

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости