www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, автокырсык 2-июль күнү саат 20:30 чамасында Шор-Булак айылында болгон. Хонда-Степвагон жана Ауди-100 үлгүсүндөгү унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 4 адам (1 жаш кыз жана 3 эркек, аты-жөндөрү такталууда) каза болуп, 2 эркек адам (1984-жылы жана 1983-жылы туулган) жабыркаган.
Окуя болгон жерге Тоң райондук куткаруу кызматынан 4 адам, ИИМдин кызматкерлери, "Тез жардам" кызматы тартылган.
Куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар райондук ооруканага жеткирилген.


Ошол эле Тоң районунда 2-июль күнү саат 12:54 чамасында Төрт-Гүл айылында “Фольксваген-Туарег” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1983-жылы туулган жеңил жаракат алган.

Булак: NazarNews.kg