www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 27-майдан 28-майга оогон түнү Ысык-Көлдүн Бостери айылында жайгашкан экс-депутат Равшан Жээнбековго тиешелүү "Асыл-Таш" пансионатындагын аймагындагы коттедж өрттөнүп кетти. Бул тууралуу аталган пансионаттын директору Улукбек Жусуповдун билдирүүсүнө таянып ResPublica басылмасы сүрөтү менен бирге маалымат таратты.

Анда У.Жусупов бул кимдир бирөөлөр тарабынан атайын рейдерлик максатта өрттөлгөнүн айтат. Себеби, бул түнү адаттагыдай эле электр энергиясын үнөмдөө үчүн коттедждин ичиндеги баардык электр жабдуулары өчүрүлүп, бир гана кароолчу олтурган бөлмөдө электр жарыгы туташтырылган. 

У.Жусуповдун айтымында, 5 жылдан бери “Асыл-Таш” пансионатынын айланасында прокуратура жана укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыздык өкүм сүрүп келет. 

- Пансионат камакка алынган, бирок жергиликтүү тургундар акимдин тукуруусу менен короолорду сындырышып, пляждарга соода кылуучу палаткаларын орнотуп, коттеджге караштуу аймакты мыйзамсыз ээлеп басып алышууда. Биз жазган арыздар болсо милиция тарабынан каралбай, жергиликтүү бийлик бул мыйзамсыздыктар боюнча эч кандай чара колдонбой келет, - дейт Улукбек  Жусупов.

Анын айтымында, өрттөн улам келтирилген чыгаша болжол менен 50 миң доллардын тегерегиндеги сумманы түзөт.

Жээнбеков өзү да коттедждеги өрт кокустук эмес экенин айтып, атайын бирөөлөрдүн кылган иши деп шектенип жатканын билдирүүдө. 

Маалыматтарга ылайык, өрттөнгөн коттедж Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын наамында болгон.

Булак: INTER.KG

Последние новости